Дүйнөлүк мурастарды коргоо комитетине мүчө болдук

Дүйнөлүк мурастарды коргоо комитетине мүчө болдук
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:44

Кыргызстан ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарды коргоо комитетине мүчө болуп кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Улуттук комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда 14-ноябрда ЮНЕСКОнун жаратылыш жана маданияттын дүйнөлүк мурастарын коргоо Конвенциясынын Башкы ассамблеясынын 21-отуруму өтүп, анда Кыргызстандын мүчөлүгү кабыл алынды. Кыргызстан мындан ары дүйнөлүк мурастардын тизмесин түзүүдө добуш берүү укугуна ээ болду.

Эскерте кетсек, аталган комитетке 21 мамлекет кирет. Ал 1972-жылдан бери ишмердигин жүргүзүп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!