Жол кырсыктарынын курмандыктары эскерилүүдө

Жол кырсыктарынын курмандыктары эскерилүүдө
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:09

Ушул тапта Бишкектеги кыргыз улуттук агрардык университетинин аймагында жол кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү акциясы өтүүдө.

Иш-чара “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, ЕККУ, Бишкек шаардык милициясы, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулду.

Анда жол кырсыгынан набыт кеткен 938 кишинин сөлөкөтү менен арт-инсталляция көрсөтүлдү. Уюштуруучулар жолдогу кырсыктардын адаттын тыш көп болуп жатканын коомчулукка жеткирүү, жол кырсыктарынын алдын алуу максатын көздөшкөн.

Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери өлкөдө 713 киши жол кырсыгынан каза тапкан. Кыргызстанда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү 2012-жылдан тартып белгиленип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!