Египеттеги кыргын 270 адамдын өмүрүн алды

25-Ноя. 2017, Ишемби, 13:13

Египеттин түндүгүндөгү Синай жарым аралындагы терродук кол салууда 270 адам көз жумду. Теракт ИЛИМдин позициясы Сирия жана Иракта маанилүү өлчөмдө алсыздана баштаган учурга туш келди.

Окуя Бир аль-Абед шаарындагы аль-Рауд мечитине жүздөгөн мусулмандардын катышуусундагы жума намазы учурунда болгон.

Трагедия болгон аймакта же жарым аралдын бул бөлүгүндө бир катар радикалдык топтор жайгашкан.

Терактын күбөлөрүнүн билдиргенине караганда ооруканаларга жүздөгөн жарадарлар жеткирилген. “Намаз жаңы эле башталганда атышуулардын, гранатталардын жарылганын уктук. Алар бардыгын тегиз аткылап киришкенде түртүшүп, ар тарапка кача баштады. Мен бет капчан, камуфляж кийген адамды көрүп калдым”,-деген күбө.

Египеттин өкмөтү согушкерлердин тобун жок кылуу боюнча операцияларды баштады. Мындай окуя биринчи ирет болуп жаткан жок. Жихадчылар ар дайым жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн Египеттин бийлиги менен кызматташтыгы менен айыптап келет.

Өлкөнүн президенти Абдул-Фаттах ас-Сиси 2013-жылы исламист лидер Мухаммед Мурсини төңкөрүп, анын ордуна ээлегенден бери исламисттерди биринчи душманы катары эсептейт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!