Тез жардам унаасы кырсыкка кабылды

24-Ноя. 2017, Жума, 15:43

Борбор калаада жеңил унаа тез жардам кызматынын унаасы менен кагышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 24-ноябрда саат 12:45 чамасында Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда тез жардам унаасы менен «Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.

Кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!