ӨКМ: ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн

27-Дек. 2017, Шаршемби, 10:50

27-декабрдан 29-декабрга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаап, кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдарында жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Андан сырткары Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Мындан улам министрлик жолдорго муз тоңуп, тайгак болорун жана унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин белгилейт

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!