10 эң кымбат музыкалык клиптер

10 эң кымбат музыкалык клиптер
9-Янв. 2018, Шейшемби, 11:39

Алгачкы музыкалык клиптер өткөн кылымдын 80-жылдарында тартыла башталган. Бирок 1981-жылы “MTV” телеканалы иштей баштагандан тарта кеңири таралган жана белгилүү боло баштаган. Андан кийин кыска музыкалык видеолор өзүнчө эле “сенсанцияга” айланды жана көрөрмандарыдын сүйүүсүн тез ээлеп ала алды. Ошону менен бирге аткаруучулар элдин көңүлүн өздөрүнө бурдуруу үчүн клип тартуу үчүн чоң акчаларды сала башташты.

Артка бир кайрылып бул жылдар аралыгында эң кымбат тартылган 10 клипти сунуштамакчыбыз.

10. Майкл Джексон - Remember the Time (1992-жыл). Бюджети - 2 000 000доллар

Поп-музыканын падышасынын клиптеринин көпчүлүгү кыска убакыттын ичинде кыска метраждуу фильм болуп калды. Алардын бюджети 1 миллион доллардан ашат. Бул клипке тартылган өз кесибинин популярдуулугуна жеткен актер Эдди Мёрфиден сырткары костюмдар менен компьютердик атайы таасирлер кымбатка түшкөн.


8. Селин Дион - It’s All Coming Back to Me Now (1996-жыл). Бюджети - 2 300 000 доллар

Реквизиттер, костюмдар жана компьютердик графика ырчы үчүн - 2 300 000 долларга турган. 1996-жылдарда бул оңой акча эмес эле, бирок күйөрмандарын үчүн эмнелерге гана барбайсын.


7. Баста Раймс & Джанет Джексон - What’s It Gonna Be?! (1999-жыл). Бюджети - 2 400 000доллар

1999-жылдагы клип үчүн графика таң каларлык, ал аны жасоо үчүн тартуучу тоб аз акча жумшашкан эмес. Клипте Джанет Джексон жана рэпер Баста Раймс ар түрдүү образдар менен формаларды кийип, ар бир алмашуулар орточо алганда 30 000 доллар турган. Бир гана атайы “спецэффект” 100 000 долларга жеткен.


8. Мэрайи Керинин жана Джей-Z - Heartbreaker (1999-жыл). Бюджети - 2 500 000 доллар.

Репер Джей-Z катышуусунда жазылган Мэрайи Керинин “Heartbreaker” ыры эң белгилүү ырларынын бири болуп калды. Режиссер Бретт Рэтнердин билдирүүсү боюнча, клипти тартууда "Дракондун чыгышы" (“Выход дракона”) жана “Бриолин” («Briolin») фильмдери таасир берген. Бир кинотеатрды ижара алыш үчун 100,000 доллар төлөшкөн.


5. MC Hammer - 2 Legit 2 Quit (1991-жыл). Бюджети-2 500 000 доллар

«2 Legit 2 Quit» ырына арналган клибинин бюджети Мариа Кэринин клибинен кем калбайт. Бирок ал 8 жыл мурун тартылгандыктан, бул видео рейтингде жогорку орунга чыкты. 15 мүнөткө созулган клиптке 15тен ашык кесипкөй спортчулар катышкан.


4. Пафф Дэдди жана The Notorious B.I.G.” & Баста Раймс - Victory (1998-жыл). Бюджети-2 700 000 доллар

“Victory” клиби голливуд тасмаларындагы эпизоддорду эске түшүрөт. Жардыруулар, жасалма жамгыр, каскадерлордун иштери, ошондой эле Деннис Хоппер менен Дэни Де Вито сыяктуу жылдыздардын катуушусундагы клип рэппер Пафф Дэдди үчүн 2,7 млн доллар турган.


3. Guns N’ Roses - Estranged (1993-жыл). Бюджети-4 000 000доллар.

«Estranged» ырына арналган 10 мүнөттү к видео "ЭкслаРоуза” группасынын вокалистинин сүйүү тарыхына арналган бул клиптеги дельфиндер менен бирге тартылуу 4 млн. долларга жеткен.


2. Мадонна-Die Another Day (2002-жыл). Бюджети - 6 100 000 доллар

Джеймс Бонд фильминин саундтреги болуп калган «Die Another Day» ырына арналган клип, «Traktor» деп аталыган швед студиясынан тартылган. Видео Мадоннадагы жакшы жана жаман күчтөр арасындагы атандаштыкты көрсөтүп турат.


1.Майкл Джексон жана Дженет Джексон - Scream (1995-жыл). Бюджети- 7 000 000 доллар

Эгер поп-музыканын падышасынан башка ким ээлеши м үмкүн бул биринчиликти. Карындашы Джанеттин катышуусундагы бул клип 20 жылдан ашуун музыка тарыхындагы эң кымбат клип болуп таанылды. Жана эч ким бул рейтингди жаңырта албады. Клиптин негизги бюджети тартылуу аятын ижарага алуу, декорациялар жана реквизиттерди сатып алууга жумшалган. Бир гана сындырылган гитара Джексонго 53 миңге жеткен. Клипти тартылуу иштери 11 күн аралыгында уланды.


Таң калычтуу эмес, бул тизмектеги музыкалык клипттер 90чу жылдары тартылган. Ал эми ал убакта белгилүү болгондой компьютердик графика менен атайы эффекттер чоң акча турчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!