​Ильгиз Абдалаев гастролдоп Таласка барат

​Ильгиз Абдалаев гастролдоп Таласка барат
28-Фев. 2018, Шаршемби, 18:56

Кыргыз эстрада ырчысы Ильгиз Абдалаев айымдардын 8-март майрамына карата Таластагы күйөрмандарына жеке чыгармачылык концертин тартуулайт. Бул тууралуу ырчы Zaman.kgге билдирди.

Ырчынын айтымында, майрамдык шоу концертте оюндары ойнотулуп, баалуу белектер берилмекчи.

“Кудай буюрса ушул жылдын 8-март айымдардын эл аралык майрамына карата Талас шаарында өзүмдүн жеке чыгармачылык концертимди тартуулаганы турам. Концертте күйөрмандарыма ыр гана тартуулабастан оюндар дагы ойнотулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат. Ошондой эле белгилүү ырчылар Клара Алибекова, Элиза Орозалиева, Тимур Мукашев дагы өз өнөрлөрүн тартууламакчы. Андыктан күйөрмандарымды концерттен күтөм”,-деди Абдалаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!