“Апакем" домбуранын коштоосунда ырдалды

“Апакем
28-Фев. 2018, Шаршемби, 19:03

Көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган эстрада ырчысы Ишен Назаровдун аткаруусундагы “Апакем” аттуу чыгарманы казак ырчылары өз тилине которуп, домбранын коштоосунда ырдап чыгышты. Бул тууралуу ырдын автору Баян Акматов соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал казак ырчыларын автордук укукту эске салууга чакырып, төмөнкүдөй билдирүү калтырган.

“Бул чыгарма Кубаныч досум экөөбүз биргелешип чыгарган чыгарма. Ишен Назаров бизден уруксаат алып ырдаганын баса белгилейин. Бирок уруксаатсыз радио, телеге алып чыккандар автордук укукту жана абийир сотун эске алыңыздар. Ал эми Казак бир тууганыбыз жакшы аткарыптыр, жай олтурушта ырдагандарга бали дегенден бөлөк эч нерсе айта албайм. Бирөөнүн чыгармасы менен пайда, кадыр табайын дегендерге эскертүү ирээтинде жазып аткандагым. Өз чыгырмабызга өзүбүз ээ чыкпасак өзгөлөргө баары бир эмеспи. Бул акыл насаатты ТМС үйрөттү. Ыраазычылык билдирем”,-деп жазат Баян Акматов.

Казак тилинде бул шилтемеде https://www.facebook.com/100003981691036/videos/10...


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!