Президент Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок

Президент Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок
27-Фев. 2018, Шейшемби, 10:56

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппарат жетекчиси Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, 24-февралда Жээнбеков менен Ниязов ооз эки сүйлөшүшкөн, анда Фарид Ниязов мамлекет башчысына ээлеген кызматтан кетүү ниети бар экендигин билдирген, бирок президент анын өтүнүчүн кабыл алган жок.

“26-февралда Фарид Ниязов президентке кызматтан кетүү тууралуу арызы менен кирген. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жок, чогуу иштешүүнү сунуштаган. Ниязовдун президенттик шайлоодон кийин эс албагандыгын эске алып, бир жумага уруксат берди”,-дейт Стамалиева.

Эскерте кетсек, Фарид Ниязов президенттин аппарат башчылыгына 2017-жылдын 11-декабрында барган. Президенттик шайлоо учурунда ал азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген.

Ал буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратын жетектеп, андан кийин мамлекет башчынын коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп иштеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен аял кармалды
Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен аял кармалды
Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму уланат
Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму уланат
Журналист Турсунбек Бейшенбеков камакка алынды
Журналист Турсунбек Бейшенбеков камакка алынды
АКШ менен Кытай соода боюнча макулдашты
АКШ менен Кытай соода боюнча макулдашты
Дүйнөнүн эң бай адамы эми Арно болуп калды
Дүйнөнүн эң бай адамы эми Арно болуп калды
Беттеги тактарга жана бырышка каршы маска
Беттеги тактарга жана бырышка каршы маска
Былтыр 1.1 млн чарчы метр турак жай колдонууга берилди
Былтыр 1.1 млн чарчы метр турак жай колдонууга берилди
Улуттук энерго холдинг мыйзамсыз майнинг-ферманы тапты
Улуттук энерго холдинг мыйзамсыз майнинг-ферманы тапты
Декабрь айында инфляциянын деңгээли 3,1 пайызды түздү
Декабрь айында инфляциянын деңгээли 3,1 пайызды түздү
​15 жаштагы Кори Гофф кайрадан жеңишке жетишти
​15 жаштагы Кори Гофф кайрадан жеңишке жетишти
Суунун ден соолукка пайдасы
Суунун ден соолукка пайдасы
Быйыл Бишкектен ажылык сапарга 460 адам барат
Быйыл Бишкектен ажылык сапарга 460 адам барат
Бекешев: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жөнөкөй балдар менен окуса туура болот
Бекешев: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жөнөкөй балдар менен окуса туура болот
2019-жылы ИДӨнүн көлөмү 590 млрд сомду түздү
2019-жылы ИДӨнүн көлөмү 590 млрд сомду түздү
Соттолгондордон акча алып жүргөн пробация органынын кызматкери кармалды
Соттолгондордон акча алып жүргөн пробация органынын кызматкери кармалды
Аскаров: Такталбаган товарларды ташууну жоюу үчүн  күч-аракеттерди жумшайбыз
Аскаров: Такталбаган товарларды ташууну жоюу үчүн күч-аракеттерди жумшайбыз