Нурханбек Момуналиевдин отставкасы кабыл алынды

Нурханбек Момуналиевдин отставкасы кабыл алынды
13-Март 2018, Шейшемби, 10:42

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта президенттин аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ага ылайык Нурханбек Момуналиевдин отставкасы кабыл алынып, ал берген арызы боюнча Өкмөттүн аппарат жетекчиси – министри кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, 12-мартта премьер-министр Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековго өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевди ээлеген кызматынан бошотууну сунуштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!