Өкмөт аппаратына орун басар дайындалды

Өкмөт аппаратына орун басар дайындалды
13-Март 2018, Шейшемби, 11:15

Алмазбек Мусабеков өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Эскерте кетсек, кечээ 12-март күнү премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык Эмилбек Бусурманкулов Өкмөттүн Аппарат Жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!