​Зейнеп Шакеева: "Эл мага эмес, уулума күлүп жаткан экен"

​Зейнеп Шакеева:
13-Март 2018, Шейшемби, 11:31

Зейнеп Шакеева десе “Он сегиз жашты”, “Он сегиз жаш” десе Зейнеп Шакееваны элестепеген кыргыз жок болсо керек. Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы Зейнеп Шакеева 8-мартта 69-жазын тосуп отурат. Анын туулган күнүн утурлай ырчы менен маектештик.

Ырчы учурда кадырлуу эс алууда, беш уул-кызды эрезеге жеткирип 14 небернин, 2 кыбыранын чоң энеси. Алтын фондго ырчынын 50дө ашык ыры жазылган ошол эле учурда мындан тышкары бир топ ыры жаздырылбай калган. Учурда ырдоону таштабай чакырылган жерлерде ырдап калат. Ал эмес азыркы ырчылардын деле өзү жактырган ырларын ырдап жүрөт.

Зейнеп Шакееванын балалыгы эл катары кызылча талаасында эмгектенүү менен өткөн.

Ырчы балалыгын мындайча эскерди: “Менин туулуп өскөн жерим, балалыктын изи калган учурум Ысык-Ата районунун Сын-Таш колхозундагы Жетиген айылында өттү. Сегизинчи класска чейин ошол жерде билим алдым. Биздин айылда толук орто мектеби жок болгондуктан, Ак-Бешим орто мектебинде окудум. Балалык кезим өзгөчө деле өткөн жок. Элдин балдары сыңары эрте менен туруп эле кызылчага чуркачумун. Жаздан баштап күзгө чейин кызылчада жүрчүбүз. Окуумду жакшы аяктадым. Мен негизи мектепти өз курбалдаштарыман эрте аяктадым. Атам мугалим болгондуктан, беш жашымда эле мектепке барып окуйм деп ыйлап ээрчип барып алган экем. Сабакта уктап калып, атам үйгө көтөрүп келген күндөр болгон. Мен баары бир окуйм деп, менден эки жаш улуу Майрамгүл деген эже менен чогуу окугам. Жашым жете элек болсо да, сабакта уктап калсам да башка балдарга караганда китепти шар окучумун. Ошентип, мугалимдер да муну мектепке албасак болбойт деп окуучулардын катарына кошкон”,-дейт.

Ырчы атасынын уруксаты менен келип, ырчылык өнөргө кадам таштап калган. Зейнеп эже ырчылык өнөргө ташталган алгачкы кадамдары тууралуу буларды айтып берди.

“Мектепти бүткөндө кирпич куйдуруп калып, институтка тапшырганга жетишпей калдым. Ал кезде кирпич куйдурмайынча кетирчү эмес. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда кошумча кабыл алуу болуп, ошого өтүп, жатакана алып жашап калдым. Мындан көп өтпөй эле филармонияга Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине солистка керек деген жарыяны окуп калдым. Ошентип беш-алты кыз чогулуп, бокалга тапшырып, ал кезде жайкы театр деп койчу, ошол жерде баарыбызды оркестр менен угуп көрдү. Сабира Суранчиева деген эжебиздин ырларын мурда ырдап жүргөндүктөн, оркестр кулагыма сиңип калган экен, алар дагы оркестрга бар деп калышты. Анан үйгө барып ырдаганга уруксат сурап келүү керек болуп калды. Атам музыка дүйнөсүнө жакын киши эле. Ырдап, манас айтчу. Атамдын уруксаты менен келип, ырчылык өнөргө кадам таштадым. Менин ырчы болбой калганым жетишет деп макулдук берген”,-дейт.

Зейнеп Шакеева өзүнүн визиттик карточкасы болгон “Он сегиз жаш” деген ырды кандайча ырдап калганын айтып берди.

Бейшеке Жандаров агайдын “Жыпары белең баланын” деген ырын жаздырып атсак, ошол жерде Аксуубай Атабаев Абаз Чикеевге “Тоолор” деген ырын жаздырып аткан экен. Ошондо угуп сонун ыр экен деп койгом. Ал кезде радио үйү деген бар эле. Ыр жаздырып чыккандан кийин Аксуубай Атабаев менде ырлар бар, угуп көрбөйсүңбү деп калды. Ал убакта жатаканада жашачубуз. Бир күнү баянын көтөрүп алып келди. Ошондо “Таалайбек”, “Чагылган” жана “Он сегиз жаш” үчөөсүн үйрөткөн. Алардын ичинен “Он сегиз жашты” бир жумада үйрөнүп эле, көркөм кеңешке көрсөтүп, он күндүн ичинде жаздырып бүттүк. Аны бүтүп эле Россияга кеттик. Эки айдан кийин келсек, “Он сегиз жаш” укмуш дүңгүрөп атыптыр. Ошентип, эл оозуна алынып кетти. Мен анда он жетиде болчумун”,-деп эскерип отурду.

Ырчы "18 жаштын баркын билбей туруп “Он сегиз жашты” жеткире ырдай албайсың",-дейт.

“Ар кимдин өзүнүн табити бар эмеспи. Ырчы деле ошондой, табитине жараша ырдайт. Кээ бир ыр таптакыр жакпайт. Жакпаган ырдан эч нерсе чыкпайт. Ырдын сөзү, обону жакмайынча ырдай албайт. Кээ бирөөлөр бийдин коштоосундагы ырларды ырдаганды жактырат. Кээ бирлери муңдуу лирикаларды ырдаганды жактырат. Аларды жакшы аткара да алат. Он сегиз жашты көп ырчылар ырдады. Алардын айрымдарынын аткарганы мага жакпады. Кеп үндө же кеп ырчыда эмес. Дегеле ал ыр так секирип ырдай турган ыр эмес. Ырдын маанисин деле түшүнбөй ырдаган. Жөн эле обонуна караппы, айтор 18 жаштын баркын деле биле элек кезде ырдашкан. Билген адамга он сегиз жаш өмүрдүн гүлү, эң сонун убак эмеспи. Анан бул ырды бийлеп, сенден кутулдум дегендей так секирип, ырдабайт да. Он сегиз жаштын өтүп кеткенине өкүнүп анан бийлегени эмнеси”.

Ырчылыктын өзүнүн түйшүктүү жактары көп

Иштеп жүрүп тун кызымды жарыкка алып келдим. Кызым төрт айдан эми гана ашканда Сирияга гастролго чыгуу керек болуп калды. Мен кызымды кыялбай кылчактайм. Ал кезде маданият министри Күлүйпа Кондучалова болчу. “Апаңар силдерди багып өлтүрбөгөн, кызыңарды өлтүрмөк беле” деди. Аларга каяша да айта албайсың, талап катуу болчу. Айла жок кызымды кайненеме таштап кеттим. Он беш күндөн ашык жүрүп келдим. Келсем, кызым мени тааныды. Ошентип эмчектен чыгып калды. Экинчиси уулум төрөлүп, балдарым командировкада эле чоңоюшту. Кээде экөөсү менен жалгыз, кээде сиңдимди кошуп алып чыгам. Жаш балдар баарынын тынчын алары турган иш. Айрымдары ачык айтпаганы менен жаман көрчү. Бирок айла жок, иш үчүн баарына чыдаганга туура келди. Афишага сүрөтүн чыгып, келбей калсаң, эмнеге алдадыңар деп, сазайыңды колуңа берчү. Ал кезде концерттер кеч башталчу. Элдер жумуштан чыгып, анан баары концертке келчү. Кээде кечки саат 10-11лерде башталып калчу. Планды толтурарда эле Ошко жөнөчүбүз. Ошто эл концертке абдан жигердүү келе турган. Тосуп алганы да өзгөчө эле. Ошентип жүрүп эки уул, үч кызды жарыкка алып келдим”,-дейт ырчы.

Гастролдоп жүргөн учурда эсте калган окуялар болот.

“Бир жолу Ноокатка концерт коюп барып калдык. Концерт кое турган жай абдан эле тар, узун залы боло турган. Анда концертке бирин-экин гана аялдар келбесе, көпчүлүгү эркектер болоор эле. “Кыштак четиндеги” деген ырды ырдап жатсам, кээ бирөөлөр үнүн чыгарып күлүп жатат. Оюма ар нерселер келди, өзүмдү ушунчалык жаман сездим. Ал тургай ырдай турган ырымдын саптарын да адаштырып алдым. Кийимиме күлүп атабы, же эмнеге деп жооп таппайм. Эсенгул агай дирижерлук кылып атат. Оркестр турган сахна абдан тар болчу. Элдин жапырт күлгөнүнөн мындай карасам, экинчи балам келип, менин этегимди кармап турган экен. Эл мага эмес, уулума күлүп жаткан экен. Уулумду көргөндөн кийин өзүмө келгем”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!