​Бишкектин 92 көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт

​Бишкектин 92 көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт
13-Март 2018, Шейшемби, 12:28

2018-жылы Бишкек шаарынын 92 көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта маалымат жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков билдирди.

Анын билдиргени боюнча, быйыл Бишкектин көчөлөрүн комплекстүү ремонттон өткөрүүгө басым жасалат. Ал эми долбоорлорду ишке ашырууда эки багыт менен иштер алып барылат. Башкача айтканда, “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын эсебинен 42 көчөдө, Кытай грантынын эсебинен – 50 көчөдө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

“Учурда бул боюнча иштер жүрүп жатат. Жумуш апрелде башталат. Көчөлөрдүн капиталдык оңдоп-түзөөсү боюнча план жакынкы күндөрү жарыяланып, анда кайсыл көчөлөр жабыла тургандыгы так көрсөтүлөт. Ошондой эле оңдоп түзөөдөн өткөрүлө турган көчөлөр жашылдандырылып, көчөлөрдүн 70 пайызы жарыктандырылат”,- дейт Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!