Мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугу жогорулайт

Мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугу жогорулайт
13-Март 2018, Шейшемби, 13:50

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик ишканаларды башкаруу тутумун реформалоо чараларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында стратегиялык пландаштырууну иштеп чыгуунун өзгөчө маанисин белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик ишканаларда төмөнкү экономикалык көрсөткүчтөр байкалууда, ал негизинен компаниялардын начар менеджментине байланыштуу келип чыгууда.

Экономика министри Артем Новиков мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы негизги көйгөйлөргө кенен токтолду. Анын айтымында, алардын катарына мамлекеттик ишканалардагы натыйжалуулуктун төмөндүгү жана алардын чыгашалуулугу, көзөмөлдөөчү тармактык мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу борбордук ченемдик-укуктук жөнгө салуунун, мамлекеттик компаниялардагы экономикалык негизделген саясаттын жана стратегиянын ж.б. жоктугу кирет.

Новиков кошумчалагандай, премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, көйгөйлөрдү чечүү үчүн Экономика министрлиги тарабынан иштеп жаткан мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам демилгелеринин пакети даярдалып, мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы ченемдик-укуктук актылардын долбоору иштелип чыккан.

Сапар Исаков мамлекеттик ишканаларды башкаруу жаатында коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү максатында жогоруда аталган демилгелерди тездетүүнү, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын финасылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн ири аудитордук команияларды тартуу мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Асылбек Жээнбеков: Өзүбүздүн ишкерлерди колдоого алышыбыз керек
Асылбек Жээнбеков: Өзүбүздүн ишкерлерди колдоого алышыбыз керек
Уктоо абалыңыз сиз тууралуу эмне дейт?
Уктоо абалыңыз сиз тууралуу эмне дейт?
​19-март: күндүн табы 20 градуска чейин ысыйт
​19-март: күндүн табы 20 градуска чейин ысыйт
Көк-Таш–Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантылат
Көк-Таш–Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантылат
Желим баштыкты тое жеген кит өлдү
Желим баштыкты тое жеген кит өлдү
Назира Айтбекова:
Назира Айтбекова: "Двоечниктер" бириктиңер, тикенектей кирипсиңер...
​Заводду реконструкциялоого 2 млн. доллар керек
​Заводду реконструкциялоого 2 млн. доллар керек
Чыпалак баатыр: Хабиб экөөбүз дос болуп кеттик (видео)
Чыпалак баатыр: Хабиб экөөбүз дос болуп кеттик (видео)
​Футбол дүйнөсүн күлдүргөн пенальти катталды (видео)
​Футбол дүйнөсүн күлдүргөн пенальти катталды (видео)
Чет өлкөлөрдөн импорттолуп келинген жаныбарлар идентификацияланат
Чет өлкөлөрдөн импорттолуп келинген жаныбарлар идентификацияланат
Кыргызча  хит ырлар орусча ырдала баштады (видео)
Кыргызча хит ырлар орусча ырдала баштады (видео)
Прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
Прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
Мира Койчубекова “Мөл булак” ырына жаңы “өмүр” берди (видео)
Мира Койчубекова “Мөл булак” ырына жаңы “өмүр” берди (видео)
Жаш балдардагы какач канчалык кооптуу?
Жаш балдардагы какач канчалык кооптуу?
Сел каптап 50 адам көз жумду
Сел каптап 50 адам көз жумду
Макгрегор июль айында октагонго кайтаарын айтты
Макгрегор июль айында октагонго кайтаарын айтты