Кыргызстан менен Гвинея кызматташат

Кыргызстан менен Гвинея кызматташат
13-Март 2018, Шейшемби, 15:24

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Экваториалдык Гвинея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баяндама жасады. Анын айтымында, Кыргызстан Бириккен улуттар уюмуна мүчө-мамлекеттердин баары менен дипломатиялык мамилелерди орнотууга умтулат. Муну менен Кыргызстандын эл аралык аренадагы кызыкчылыгы алга жылат.

Комитет мүчөлөрү Кыргызстандын аталган өлкө менен дипломатиялык мамилелерди орнотуусуна макулдук берүү боюнча чечим кабыл алышты

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!