ЖЭБдеги 1 камеранын баасы 300 доллар

ЖЭБдеги 1 камеранын баасы 300 доллар
13-Март 2018, Шейшемби, 16:41

Бишкек Жылуулук электр борборуна видеокамераларды орнотууга 1 млн. 738 503 доллар сарпталган. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек жылуулук электр борборундагы видеобайкоочу камералардын ар биринин баасы 300 доллар турат. 128 камеранын жалпы баасы 38 миң 400 долларды түзөт. Видеокөзөмөл орнотуу ишине жалпы 1 млн. 738 миң 503 доллар каралган. Жабдууларга, орнотуу каражаттарына, тетиктерге кеткен сумма 1 млн. 94 миң 951 долларды түзкөн. Калган каржаттын бөлүгү программаларга, кабелдик зымдарга, серверлерге жана аларды монтаждоо иштерине жумшалган. Андан тышкары, от казандын ичине эки атайын видео камераны орнотуу үчүн да акча коротулган.

Эскерте кетсек, Бишкек жылуулук борборуна курулган жаңы блокко орнотулган камераларга 14,5 миң АКШ доллары жумшалганын жана андай камерадан 128 даана алынганын ага жалпысынан 1 млн 800 миң АКШ доллары коротулганын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!