“Мстители” тасмасынын эксклюзивдүү кадры (видео)

“Мстители” тасмасынын эксклюзивдүү кадры (видео)
26-Апр. 2018, Бейшемби, 09:55

Бул кадрлар картинанын трейлерине кирген эмес. Видео Джимми Киммелдин телешоусунда көрсөтүлүп, бүгүнкү күнгө чейин миллиондон ашык көрөрман жыйнаган.

“Мстители: Война бесконечности” тасмасынын эксклюзивдүү видеосу жарыяланды. Видео “Jimmy Kimmel Live” телешоусунда жана долбоордун “YouTube” каналында тартууланган.


Белгилүү шоуга фильмге тартылган башкы каармандар - Роберт Дауни-кичүүсү, Зои Салдана, Пол Беттани, Пом Клементьефф жана Том Холланд катышкан. Ошону менен бирге, алар жакын арада тартууланчу фильмдин сюжетин ачышкан жок.

Кадрда Темир адам (Роберт Дауни-кичүүсү), Доктор Стрэндж (Бенедикт Камбербэтч) жана Халк (Марк Руффало) көрсөтүлөт.

Кадрдагы видео үч күн ичинде миллиондон ашык көрөрман топтогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!