Достукту даңазалаган мульфильм

Достукту даңазалаган мульфильм
3-Май 2018, Бейшемби, 16:31

«Остров собак» («Isle of Dogs») – белгилүү режиссер Уэс Андерсондун жаңы иштеринин бири. Анимациялык картина быйыл Берлинале кинофестивалында мыкты режиссура үчүн «Күмүш аюу» алды.

Сюжети боюнча Мегасаки деген шаардын акими иттердин баарын бир аралга кууп жиберет. Үй жаныбарлары үйүлгөн таштандынын арасында күн өткөрүүгө мажбур болушат. Алардын арасында 12 жаштагы Атаридин ити Спотс да бар эле. Бала төрт аяктуу досун издеп табуу үчүн алыс сапарга аттанат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!