Оруэллдин “Мал короо” чыгармасы экранизацияланат

Оруэллдин “Мал короо” чыгармасы экранизацияланат
4-Авг. 2018, Ишемби, 14:12

“Netflix” компаниясы повести тасмага тартуу үчүн уруксат алды. Тартуу иштери качан башталаары белгисиз.

“Netflix” Джордж Оруэллдин атактуу антиутопиясын тартат. Фильмдин режиссеру Энди Серкис болот. Мурун ал “Маугли” тасмасын тартып, “Властелин колец” фильминде Голлумдун ролун ойногон.

Серкис 2012-жылы “Скотный двор” чыгармасын тарткысы келгенин айтты, бирок компания азыр гана сатып алды. Бул аңгеме сериал түрүндө тартылышы мүмкүн.

Картинанын продюсери Мэтт Ривз болмокчу. Ал буга чейин Серкис менен “Планетой обезьян” тасмасында чогу иштешкен.

Эскерте кесек, Джордж Оруэллдин “Скотный двор” повести 1945-жылы жазылган. Автор бул аллегория 1917-жылдагы революция жана Сталиндин бийликке келиши тууралуу баяндалат деп айткан. Повесттин башкы каарманыдары жаныбарлар, революция уюштурушуп адамдардан кетип калышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!