“Ак илбирс” киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү

“Ак илбирс” киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү
27-Апр. 2019, Ишемби, 15:26

Кечээ, 26-апрелде Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде кино жаатындагы мыктыларды аныктаган "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп, 18 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

"Мыкты тасма" - "Дарак ыры" - Айбек Дайырбеков;

"Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүк тасмасы" - "Көк бөрү" - Руслан Акун;

"Аялдын мыкты ролу" - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова ("Дарак ыры");

"Эркектин мыкты ролу" наамы - Аскат Сулайманов ("Такебай");

"Мыкты сценарий" наамы - Садык Шер-Нияз, Айбек Дайырбеков ("Дарак ыры");

"Мыкты режиссёр" наамы - Айбек Дайырбеков ("Дарак ыры ");

"Мыкты оператор" наамы - Мурат Алиев ("Көк бөрү");

"Мыкты монтажер" - Элдияр Мадакимов ("Дарак ыры");

Мыкты үн режиссёру - Бакыт Ниязали ("Дарак ыры");

"Мыкты сүрөтчү" наамы - Максат Болотбек ("Дарак ыры");

"Мыкты композитор" - Жолдошбек Абас ("Дарак ыры");

"Мыкты документалдуу тасма" - "Ещё раз про любовь" ("Дагы бир жолу сүйүү тууралуу"), режиссёру Жанышбек Дадабаев;

"Мыкты кыска метраждуу тасма" - "51+" режиссёру Данияр Абиров;

"Борбор Азиянын мыкты актёру" - Карим Мирхадиев ("Өзбекстан");

"Борбор Азиянын мыкты актрисасы" - Динара Бактыбаева (Казакстан);

"Борбор Азиянын мыкты тасмасы" - "Ласковое безраличие мира" (Казакстан);

Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн "Ак илбирс" киносыйлыгынын атайын статуэткасы менен Кыргыз Эл артисти Манасбек Мусаев жана Тажик Эл артисти Давлатназар Худаназаров сыйланды.

Эскерте кетсек “Ак илбирс” улуттук киносыйлыгы Кыргызстанда 8-жолу өткөрүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР