​«Биртууганчиктер» «Айыл Кэмп» тасмасын тартышты

28-Дек. 2017, Бейшемби, 13:34

Жаңырган жаңы жылдан тартка кыргызстандыктар «Айыл Кэмп» тасмасын өлкөнүн бардык кинотеатрларынан көрө башташмакчы. Тасманын сценарийи «Биртууганчик», «Апамды издеп» жана башка фильмдеринин сценарийин жазгандарга таандык.

«Айыл Кэмп» - биринчи жолу таланттуу өспүрүм актерлердун катышуусундагы кыргыз балдарынын кинокомедиясы.

Башкы ролдо сценарист жана режиссер Жеңиш Майрамбек уулу, белгилүү теле алып баруучу Эркин Нурбаев, жана актер Эмил Эсеналиев ойногон.

Тасмада айыл жергесинде шаарда өскөн балдар үчүн лагер ачылып, андагы кызыктуу окуялар баяндалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!