Алты медалга ээ болушту

Алты медалга ээ болушту
30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 13:55

Ушул жылдын 27-29-октябрында Россиянын Сочи шаарындагы Кара деңиздин боюнда өткөрүлгөн эрежесиз эр мушташ боюнча Бүткүл дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык балбандар 6 медаль жеңип алды. Бул тууралуу Эрежесиз эр мушташ боюнча федерациясынан билдиришти.

Чемпионатка 22 мамлекеттен 350 спортчу катышты.

Жеңишке жеткен спортчулардын тизмеси:

1. Алымбек Темиров, 1-орун (75 кг, 19 жашта)
2. Арсений Азамат уулу, 3-орун (66 кг, 19 жашта)
3. Баяман Маматалиев, 3 - орун (66 кг, 17 жашта)
4. Жаныш Ураим уулу, 2-орун (66 кг,18 жашта)

5. Камбаралы Раимбаев, 2-орун (60 кг, 20 жашта)
6. Чыңгыз Анарбек Уулу, 3-орун (66 кг, 21 жашта)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!