Өлкө аймагында 16-20-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка караганда, бул күндөрү абанын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
16-17-апрелде Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөйт:
Абанын температурасы:
Ысык-Көл аймагында 8…13° төмөндөп, тоолуу райондордо 2…7° жылуу
Чүй облусунда 7…15° жылуу болот
Талас облусунда 7…15° жылуу болот.
Ош облусунда 9…18° нөлдөн жогору.
Жалал-Абад облусунда 9…18° нөлдөн жогору.
Баткен облусунда 9…18° нөлдөн жогору.
Нарын дубанында абанын температурасы төмөндөп 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу болушу күтүлөт.
Маалым болгондой, 16-20-апрелде өлкөнүн түштүгүндө дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу жаралат. Унаа жолдоруна көчкү түшүшү ыктымал