​17-апрель: көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот

​17-апрель: көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот
17-Апр. 2018, Шейшемби, 09:29

17-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градус жылуу.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17

Ош облусунда түнкүсүн 3…8 , күндүз 15…20

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 3…8 , күндүз 15…20

Баткен облусунда түнкүсүн 3…8 , күндүз 15…20

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!