Кыргыз жараны өзүнүн өмүрүн кыюуга аракет жасады (видео)

Кыргыз жараны өзүнүн өмүрүн кыюуга аракет жасады (видео)
28-Сен. 2018, Жума, 11:32

Түркиянын эл аралык “Ататүрк” аэропортунда Кыргызстандын жараны өмүрүн кыюуга аракет жасады. Бул тууралуу чет элдик медиалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны өзүн экинчи кабаттан таштаган. Жүргүнчүлөр аны секирбөөгө көндүргөнү менен майнап чыккан эмес. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, ооруканага алып кетти.


Бактыга жараша, суицидке барган жаран аман калган. Учурда полиция кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!