​28-март: тоолуу райондордо кар жаайт

​28-март: тоолуу райондордо кар жаайт
27-Март 2019, Шаршемби, 18:05

28-мартта өлкөдө мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,

Ошто түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!