Момбеков: “Токтогулдун тойканасы”, “Сайкал апанын салтанат үйү” десек болот да?

Момбеков: “Токтогулдун тойканасы”, “Сайкал апанын салтанат үйү” десек болот да?
2-Апр. 2019, Шейшемби, 13:20

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеӊеште «Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү» темасында илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, окумуштуулар менен адистер, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн депутат Рыскелди Момбеков Улуттук тил комиссиясы эсил кайран СССР убагынан бери кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жарытылуу иш жасабаганына кейиди:

“Мен да убагында Улуттук тил комиссиясын жетектеп калгам. Тил боюнча айта берип тилим тешилди. Биз тилибизди тазалай албай жатып маданиятты кантип тазалайбыз? Жан-дүйнөбүздү кантип агартабыз? Кыргыз тилин сүйлөгөндөр азайгандан азайып баратат. Бишкек шаарын эле карагылачы? Төрт райондун аталышы башка тилде, чет мамлекетте жүргөндөй болдосуң. Көчөлөрдү кой, көк бөрүгө барсаң аттарынын аты да “Геркулес”, “Ахилес”, “Бойка” дейт. Тилиң келбейт. Кыргыздын кыйындары фирмаларынын аттарын башкача коюп алса болбойбу? Улуттук тил комиссиясы ушул менен иштеш керек. Эми “Токтогулдун тойканасы”, “Сайкал апанын салтан үйү”, “Алыкулдун ашканасы” деп койсок болобу? Болот да. Улуттук баалуктун эң башкысында улуттун тили турат”

Кыргыздын улутттук баалуулуктарына токтолгон Рыскелди Момбеков азыркы учурда кыргыз үчүн иштеген кодекс жок болуп жатканын белгилеп, ал үчүн эң ириде кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын калыбына келтириш керектигин кошумчалап өттү.

“Улуттук баалуулуктарды сактап калыш үчүн улуттук тилин тазартып, улуттун дилин агартпайлыбы? Ушул улуттук баалууулуктардын бардыгы уландарга же болбосо урпактарга эмне менен сиңиребиз, эмне менен ичиребиз? Улуттун тили менен ичиребиз. Жана айтып кетти, тогуз нерсени каттап койдук деп. ЮНЕСКО боюнча өзүмдүн пикиримди айттайын, ЮНЕСКО – биз эгемендик алгандан кийин эле пайда болгон балекет экен. ЮНЕСКОго “Манастын” үчилтигин, бозүйдү каттап койдук, эртең кымызды, бирсүгүнү боорсокту каттап койгондо эле кыргыз сакталып калабызбы? Анда азыр эле бизди ЮНЕСКО сактайт деп кыргыздын тили менен кыргыз улутун сактап коюп жата бербейлиби жамбаштап?”, – деди Р. Момбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
Ревматизм оорусунун белгилери
Ревматизм оорусунун белгилери
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!