​4-июнь: күн бүркөк болуп жаан жаайт

​4-июнь: күн бүркөк болуп жаан жаайт
3-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 17:37

4-июнда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29,

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 20...25,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28,

Нарын дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7 градус болот.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 26…28 градус жылыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР