Фактчек: Кувейтте күндүн ысыгынан унаалар балмуздактай ээрий баштадыбы?

Фактчек: Кувейтте күндүн ысыгынан унаалар балмуздактай ээрий баштадыбы?
20-Июнь 2019, Бейшемби, 15:38

Кувейтте жаңы дүйнөлүк рекорд катталды: абанын температурасы 63 градуска жетти. Унаалар балмуздактай ээрий баштады.

Мындай маалыматты бир нече чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Кыргызстандык социадык тармактын колдонуучулары да бул маалыматты активдүү бөлүшүп, талкуулап жатышат.

lifter.com.ua сайты Кувейтте катталган ысыктан беш адам каза тапканын, көптөгөн адамдар ысык абанын азабын тартып жатканын жазды.

Бул вирустук маалымат "Америкада, Сауд Арабияда да катталды" деп да жайылган.

ZAMAN.KG маалымат агенттиги күндүн ысыгынан улам машиналар ээрий баштады деген маалыматтын чын-төгүнүн аныктап берет.

Биз унаалардын арткы жарык бергичтери (задний стоп) чынында эле ээригенин, бул окуя 2018-жылдын 19-июнунда катталганын аныктай алдык. Бирок күндүн ысыгынан эмес, жакынкы жердеги курулуш аймагында чыккан өрттүн ысык табынан эриген экен. Интернеттеги онлайн сервистер автоунаанын сүрөтү программалар (Adobe Photoshop) менен жасалбагандыгын аныктады.

Аризона университетинин Денни аттуу аспиранты өрт күч алгандыктан унаасынын жанына жолой албай калганын айтып берген. Бул өрттөн ондой машина жабыркаган.



Бүтүм: сүрөт фотошоптон жасалган эмес. Ал эми автоунаалар күндүн аптаптуу ысыгынан ээриди деген маалымат фейк (жалган).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!