Батуттан кулаган үч жашар кыз көз жумду

Батуттан кулаган үч жашар кыз көз жумду
20-Июнь 2019, Бейшемби, 16:29

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда батуттан кулаган үч жашар кыз комадан эсине келбей көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Эскерте кетсек, 9-июнь күнү Балыкчы шаарындагы кичи райондордун биринде шамалдан улам батут оодарылып кеткен. Бир нече бала жабыркап эки бир тууган кыздар ооруканага түшкөн.

Буга чейин Балыкчы шаарында бөбөктү карап жаткан Борборлоштурулган оорукананын дарыгери кыз бийиктен кулагандыктан алган жаракаты көп экендигин, сактап калуу үчүн күрөшүп жаткандыктарын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!