​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)

​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
22-Июнь 2019, Ишемби, 14:22

Бишкек шаарында жоголуп кеткен 4 жаштагы баланы милициялар таап беришти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

19-июнь күнү саат 18:15те Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерине бир адам телефон чалган. Ал «Кара-Жыгач» жаңы конушунда жоголуп кеткен баланын ыйлап жатканда таап алганын билдирген.

Бала табылган жерге Октябрь райондук ИИБинин төртүнчү бөлүмүнүн кызматкерлери токтоосуз түрдө барган. Алар баланын ата-энесин издешкен.

Анын жыйынтыгында ушул эле күнү саат 20:00дөр чамасында 2016-жылы туулган Н.Н. аттуу бала апасы А.И.ге аман-эсен жеткирилди. Ата-энеси аны улуу кызына каратып коюп жумуштар менен кеткенде баланын жоголуп кеткени белгилүү болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!