Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)

Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
22-Июнь 2019, Ишемби, 17:17

Чоң-Алай районунун “Көк-Суу” айылынын тургуну, оор күйүттү башынан өткөрүп жаткан 65 жаштагы Айтбүбү Тагаева уулу Зулкайнар Тагаевди 16 жылдан бери үмүтүн үзбөй издеп келет.

Дайынсыз болуп жаткан Зулкайнар Тагаев1986-жылы 16-июнда туулган. Апасынын айтымында, ал 17 жашында (2003-жыл) үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Буга чейин аны издө аракеттери болгону менен ушул күнгө чейин кабарсыз.

Айылдаштары Зулкайнарды акыркы жолу Бишкекте 2009-жылы көрүшкөнүн, ал Жаныбек, Каныбек аттуу бир туугандарын сураганын айтышты. Бирок аны белгисиз адам башка ысым менен чакырганда, Зулкайнар чуркап кеткен бойдон кайтып келген эмес экен.


Урматтуу окурмандар!

Эгер сиздер Зулкайнар Тагаевди көрүп калсаңыз же ал жөнүндө маалыматыңыздар болсо төмөнкү байланыш номерлерине кабарлап коюуңузду жакындары өтүнөт:

Апасы: 0704 44 02 96

Байкеси: 0778 72 65 88

Эжеси: 0704 44 84 94

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!