Көчөдө бара жаткан адам көп кабаттуу үйдөн кулаган баланы тосуп алды (видео)

Көчөдө бара жаткан адам көп кабаттуу үйдөн кулаган баланы тосуп алды (видео)
25-Июнь 2019, Шейшемби, 12:32

Кытайдын Гуйчжоу провинциясында көп кабаттуу үйдөн кулаган баланы өтүп бараткан адам тосуп алды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдирди.

ЖМКлардын жазганына караганда, баланы тосуп калган киши көчөдө кесиптеши менен чогуу кетип бара жаткан. Бир маалда баланын ыйлаган үнүн угуп, өйдө жакты караганда 2-кабатта асылып турган баланы көргөн.

Жанындагы кесиптеши жардам берүү үчүн үйдүн ичине кирип кеткен. Бирок бала чыдабай, кулап бара жатканда адам тосуп калган.

Видеодон көрүнүп тургандай, бала жабыркаган эмес.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!