​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт

​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
26-Июнь 2019, Шаршемби, 10:44

Бишкекте 27-июнь күнү дүйнө элдеринин эпосторунун V фестивалы өтөт. Аталган иш-чара улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125-жылдыгына арналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн 60тан ашуун окумуштуулары жана илимпоздору катышат.

Иш-чаранын алкагында илимий-практикалык жана маданий иштер көрсөтүлөт. Ал эми маданий программада көчмөндөр кийимдеринин көргөзмөсү, уз-чеберлердин колунан чыккан эмгектердин жарманкесин уюштуруу каралууда.

Мындан тышкары фестивалдын жүрүшүндө "Мыкты боз үй", "Көчмөн стили", "Мыкты манасчы" жана "Мыкты дастанчы" сыяктуу сынактар өтөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!