13 жаштагы кызга зомбулук көрсөткөн адам эркиндикте жүрөт

13 жаштагы кызга зомбулук көрсөткөн адам эркиндикте жүрөт
27-Июнь 2019, Бейшемби, 10:32

Бишкек шаарынын соода борборунун биринде 31 жаштагы эркек киши 13 жаштагы кызды зордуктаган. Бул тууралуу "Сезим" кризистик борборунда болгон пресс-тур маалында жактоочу Арман Кайгырова билдирди.

"Сезим" кризистик борборунда “Кыргызстанда гендердик зомбулукка кабылган өспүрүм кыздардын жана аялдардын укуктары канчалык корголгон” аттуу пресс-жыйында,13 жашында зордукталган өспүрүм кыздын апасы жана жактоочусу келип маалымат беришти.

Анын айтымында “Бул окуя 2016-жылы болгон. Шаардын соода борборунун биринде 31 жаштагы эркек киши 13 жаштагы кызды зордуктаган. Үй-бүлөсү жана үч баласы бар бул жаран өспүрүм кызды алдап бул кылмышка барган. Бул иш боюнча сот отуруму өтүп, бирок кылмышкер жана тергөөчү өспүрүм кызды күнөөлөп кылмышты мойнуна алган эмес. Жыйынтыгында кылмышкердин үч баласы бар деген шылтоо менен үй камагына чыгарылып эркиндикте жүрөт”,- деп айтты жабырлануучунун жактоочусу Арман Кайгырова.

Азыркы учурда кыз 17 жашта. Апасынын айтымында кыз бүгүнкү күнгө чейин психикалык жактан жабыркап келет. Апасы жана жактоочу Арман Кайгырова бул адилетсиздик чечим менен ушул убакка чейин күрөшүп келишет.

Эскерте кетсек, “Сезим” кризистик борбору 1998-жылдан бери зомбулукка кабылган аялдардын укуктарын коргоп, аларга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
Президент Абдыганы Эркебаев менен  Бахтияр Салиевди кабыл алды
Президент Абдыганы Эркебаев менен Бахтияр Салиевди кабыл алды
Индия кыргызстандык студенттер үчүн бюджеттик орундарды бөлдү
Индия кыргызстандык студенттер үчүн бюджеттик орундарды бөлдү
Баланын иммунитетин чыңдоочу кеңештер
Баланын иммунитетин чыңдоочу кеңештер