Кыргызстанга 2 миллион туристтин келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга 2 миллион туристтин келиши күтүлүүдө
27-Июнь 2019, Бейшемби, 13:27

2019-жылы Кыргызстанга 2 млн туристтердин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн болгон басма сөз жыйынында Туризим департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанга 1 млн 400 миң турист келген.

“Биз бул жылы туристтердин санын 2 миллионго жеткирүүгө аракет кылабыз.Бул үчүн бир катар иш-чараларды өткөрөбүз. Мындан тышкары Талас жергесинде көчмөндөр оюну өткөрүлөт жана Нарында «Оймо» фестивалын уюштуу пландалууда”,-деп билдирди орун басар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!