Бишкек жана Ош шаарынын кээ бир райондорунда убактылуу жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргызстан Газпром» жоопкерчилиги чектелген коомунан (ЖЧК) билдиришти.
1-июлдан баштап 7-июлга чейин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Бишкектин бул жерлеринде газ берүү иши убактылуу токтотулат; -Куренкеев, Малышев, Илийский жана Беломорский көчолөрү кесилишкен аймактарда;
-Биринчи май району (БЧК), Ала-Арча, Биримдик, Можайский, Саадаев, Ак-Тилек, Дорожный, Карагачев, Дачная көчөлөрүндө жана Көлмө жаңы конушунда.
3-июль күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын Яшлар көчөсүндө оңдоо иштери болуп жатат.