​Ош жана Жалал-Абад областында жер титирөө катталды

​Ош жана Жалал-Абад областында жер титирөө катталды
9-Июль 2019, Шейшемби, 11:01

Ош жана Жалал-Абад областтарынын айрым аймактарында жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, 9-июлга караган түнү Оштун Өзгөн районунда жана Жалал-Абаддын Сузак районундагы айрым айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!