​Мыйзамсыз орнотулган объекттерди алуу иштери улантылууда

​Мыйзамсыз орнотулган объекттерди алуу иштери улантылууда
10-Июль 2019, Шаршемби, 11:24

Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз орнотулган объекттер алынып, жерлерди кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жал кичи районундагы Ахунбаев көчөсүндө орнотулган май алмаштыруучу жай, Көлмө конушундагы Мидин көчөсүндө жайгашкан 40 тонналык контейнер, Махатма Ганди көчөсүндөгү бир күркө жана эки тонналык контейнерлер мыйзамсыз орнотулгандыгы үчүн алынды. Жыйынтыгында жалпы муниципалдык аймактын 440 квадрат метр жери кеңейтилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!