Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт
22-Авг. 2019, Бейшемби, 12:32

Бишкектин айрым райондорунда эки күн газ убактылуу жок болот. Бул тууралуу "Газпром" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу 26-августтан 28-августка чейин Панфилов, Кожомкул, Гоголь жана Кожожаш көчөлөрүндө газ берүү токтотулат.

Бишкек боюнча 40 абоненттин көгүлтүр оту убактылуу жок болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!