Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду

Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
23-Авг. 2019, Жума, 15:14

Белгилүү эколог Эмил Шүкүров дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары маалымдады.

Эмил Шүкүров 1928-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин “биолог-зоолог” кесибин бүтүргөн. Ал экологияга байланышкан бир нече долбоорлорду жазып, эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешкен. 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, 2017-жылдын ноябрь айында өз ыктыяры менен мандатын тапшырып берген. Эмил Шүкүров – биология илимдерини кандидаты, география илимдеринин доктору, профессор эле. Ал 81 жашында дүйнө салды. Көп убакыттан бери ооруп жүргөнү айтылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!