Кооз дүйнө. Кыргызстан ирландиялык фотографтын көзү менен (сүрөттөр)

Кооз дүйнө. Кыргызстан ирландиялык фотографтын көзү менен (сүрөттөр)
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 12:12

Түндүк Ирландиялык фотограф Ричард Уатсон “Фейсбук” баракчасына Кыргызстанда тартылган ажайып кооз сүрөттөрүн жарыялап, Кыргызстан тууралуу өзүнүн ой-пикирин калтырган.

“Кыргызстан – сүрөтчүлөр, саякатчылар жана жаратылышты сүйгөндөр үчүн бейиш болуп саналат. Өлкөнүн 80 пайыздан ашыгы тоолуу. Сансыз кристаллдай тунук көлдөрү бар”, – деп сөзүн баштады ал.

Ал таң калаарлык достук, кең пейилдик кыргыз элинин мүнөзү экенин баса белгилеген:

“Кыргызстандын жашоочулары саякатчыларды “конок” деп аташып аябай жакшы көрүшөт. Алар ары-бери өткөндөрдү үйүнө тосуп, нан сындырып, чай сунуп же адаттагыдай даамы өтө сонун кымыз кымызын берет. Мен өзүм менен кошо алып кете алган жокмун”.

Көл-Суу.

Фотограф Ричард Уатсон кыргыздар көчмөндөрдүн тукумуна киргендиктен тарыхий имараттар аздык кыларын кошумчалаган.

Төө-Ашуу

Уатсон: “Менин экинчи сапарым – укмуштуу Каракол мал базары болду. Мен жаш жигиттин жылкы сатып жатканын көрдүм – ал жылкысынан ажырап жатканына капа болгону айкын болду. Башын сылап бирге кайгырды. Мен анын жакшы үй алганына ишенем”.

Уатсон сүрөттөгү секелек кызды таң эрте кездештиргенин, башында ал уялчаак болгонун билдирди. “Кийин вогондон ар кандай ирмемде көп жолу сүрөткө түштү”, – деди ал.

Бул сыймыктуу карыя 90 жашта экен. Анын эки чака менен дарыядан кайтып жатканын көрүп таң калдым. Аны сүрөткө тарткым келди, бирок ага биринчи жардам берүү керектигин түшүндүм”, – деп эскерет ал.

Ордолуу Ош шаарындагы Сулайман-Тоо.

Нарын дарыясы.

Ирландиялык сүрөтчү буга чейин да Кыргызстанга келип, өлкөнүн керемет жерлерин сүрөткө түшүрүп кеткен.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты