Алия Абдиева: "Интернет доорунда деле китепкана окурмандарын жоготпойт"

Алия Абдиева:
18-Сен. 2019, Шаршемби, 14:22

Бүгүнкү күндөгү окурмандардын китепке болгон мамилесин жана китепкананын абалын билүү максатында борбор шаарыбыздагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, аталган китепкананын массалык маалымат усулдук бөлүмүнүн кызматкери, китепканачы Абдиева Алия Рахмановнаны кепке тарттык.

-Алия Рахмановна, китепканада эмгектенгениңизге канча жыл болду?

Менин кесибим китепканачы. Көп жыл бою аскер кызматында эмгектенип келдим. Эс алууга чыккандан кийин кайра китепканага келип, өз кесибим менен иштеп баштадым. Иштегениме 10 жылдын жүзү болду. Массалык маалымат усулдук бөлүмүндө иштейм. Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы алтымыш жылдан ашуун убакыттан бери окурмандарды тейлеп келет. Биздин китепканада жалпысынан 14 бөлүм бар. Балдар жаштар китепканасы болгондон кийин бала-бакчадагы балдардан тартып ЖОЖдордун студенттерине атайын ылайыкташтырылган. Балдар жана жаштар үчүн эле китепкана болбостон жалпы эл үчүн чоң маалымат борбору болуп калды десек болот.

-Китепканада окурмандарга кандай шарттар түзүлгөн?

Китепкана бүгүнкү күндө, 21 кылымдагы техниканын өнүккөн доорунда, ааламдаштыруу заманынан артта калбай окурмандарды тейлөөсүн адаттагысындай эле улантып, мындайча айтканда заманбап шартта жаңыча көз караш менен жаңыча иштөөгө өттү. Себеби бүгүнкү күндөгү жаштардын талабы өтө бийик. Алардын талабына, билим деңгээлине ылайык заманбап шарттар түзүлүүдө. Мисалы, Дүйнөлүк Банктын жардамы менен маалымат борбору ачылган. Вай-фай зонасы иштейт. Каалоочулар келип интернетке кирип, каалаган маалыматын алышат. Айта кетчү нерсе, биз жаш балдарды компьютерге көп олтургузбайбыз. Ашып кетсе 2 саат олтургузуп, ар кандай жаман сайттарга кирип кетишпесин деп тыкыр көзөмөлдөп турабыз.

-Бул мекемеде кандай алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө?

Китепкананын жетекчиси Султангазиева Роза Калиевна өзү бир канча эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алып барып, долбоордун алкагында оңдоп түзөө иштерин баштаган. Долбоордун негизинде көп жаңы бөлүмдөр ачылып жатат. Кыргызстандагы Швецария, Америка элчилиги, Азия өнүгүү банкы ж.б. ушул өңдүү эл аралык уюмдар менен иштешип, долбоордун негизинде көптөгөн жумуш иш жүзүнө ашты.Китепканада көзү азиздер үчүн да шарттар каралган. Көзү азиз бөбөктөр үчүн бизде брайл тамгасы менен жазылган китептер чыгарылды. Бир топ классик жазуучуларыбыздын чыгармалары орус жана кыргыз тилинде брайл тамгасына түштү. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өзүнүн демилгеси менен китепкананын фондуна бир топ китептерди белекке берди. Учурда көзү азиз 50 гө чукул окурман бар. Алар дайыма китепканага келип, китеп окуп турушат. Баса белгилей кетчү жагдай көзү азиз адамдар үчүн дагы бир жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алар “Балаболка” (үн аркылуу угуу) программасы аркылуу китепканадагы жарым миллион китепти кыргыз жана орус тилинде үн аркылуу уга алышат.

-Бир күндө канча окурман келет? Интернет доорунда алардын саны азайдыбы же тескерисинче көбөйгөнү байкалабы?

-Союздун убагында китепканага абдан көп келишкени барыбызга маалым. Бүгүнкү күндө деле китепкана өз окурмандарын жоготкон жок десем болот. Башта айтып өткөндөй китепканага окурмандарды тартуу боюнча бир катар иш-чаралар уюштурулуп, алардын суроо талабына ылайык өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Маселен бир күндө 500дөн ашык окурман келсе, ал эми майрам күндөрү иш-чараларда мындан да көп китеп сүйүүчүлөр келет.

-Кесибиңиз эмнеси менен кызык?

-Китепканабызда өз кесибин сүйгөн чыгармачыл адамдар иштейт. Китеп окуганда адам жан дүйнөсүнө азык алат. Бир китеп бир чоң аалам, китепти окуу менен чоң бир ааламга сүңгүп киргендей болосуң. Мындан сырткары китепти сүйгөн, китепкөй балдар жана жаштар менен иштешүү мен үчүн кызык. Окурмандарга айтаарым, акылдын, билимдин кени китепте, акылман, даанышман ойчулдардын айтканын китептен табасыңар. Китепканага келгиле, жан дүйнөңөрдү азыктандыргыла демекчимин!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот