Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"

Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
10-Дек. 2019, Шейшемби, 16:26

Бекеринен элибизде жумшактан ич оору, катуудан тиш оору деп айтылбаса керек. Тишиң ооруганда жаныңды коёрго жер таппай кыйналганың бир тең, тиш доктурга жетип оорудан арылганга чейинки убакыт бир тең болуп кетет. Дал ушул учурда тиш доктур сен үчүн кудайыңдай эле болуп калаары шексиз. Бирок, бул жагдайда тиш доктурдун тажрыйбаса чоң мааниге ээ. Ишин мыкты билген, кардарлар менен тыгыз иштеген тажрыйбалуу тиш доктурду оңойлук менен эле табуу мүмкүн эмес. Кантсе да, ишинин майын чыгарып, өз кесибин сүйүп, бейтаптардын бир гана ыраазычылыгына татып келе жаткан тиш доктурларыбыз бар экендиги көңүл кубантаарлык жагдай. Алардын бири, бул тармакта он жылдан бери эмгектенип келе жаткан, өз кесибинин мыкты адиси Гулиева Эльнара Валиевна “ZAMAN.KG» маалымат агенттигине тиш доктурлук, тиш оорулары, аны айыктыруу жолдору тууралуу кенен кеп куруп берди.

- Тиш доктурлукка кандайча келип калдыңыз?

- Менин тиш доктур болуп калуума атамдын түздөн түз тиешеси бар. Атам өзү тиш доктур. Чынын айтсам кесип тандоо мүмкүнчүлүгү менде болгон жок. Мага тиш доктур болосуң дешти ошону менен менин маселем чечилип калды. Чынында бала кезимен котормочу болууну эңсечүмун. Медициналык академияга тапшырдым , аны ийгиликтүү аяктап, тиш доктур болуп иштеп баштадым. Иштеп баштаганда гана бул кесиптин абдан кызыктуу экенин түшүндүм. Дал ушул кесип аркылуу күн сайын өнүгүп турууга болооруна көзүм жетти. Мен окууну 2010-жылы аяктадым, бирок азыркыга чейин эле ар кандай конферениция, семинарларга катышып, өзүмдү ар тараптан өркүндөтүп турам. Тиш доктурлук – бир орунда турбаган тез тез өзгөрүп, өнүгүп турган тармак. Учурда мисалы тишти дарылоодо микроскоп, андан тышкары имплант колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Чынында он жыл мурун мындай жетишкендик болот деп ким ойлоптур.

- Кесибиңиздин оор жагы?

- Бардык окуу жайдын эрежеси бар: эгер зачёт тапшыра албай калсаң, сессияларга кире албайсың. Чындыгында баарынан татаалы теория эмес, практика. Келечекте тиш доктур боло турчу адис ар дайым талыкпай иштөөсү кажет. Эгер сен окугандарыңды жашоодо колдоно албасаң, бааң да ошого жараша төмөн болот. Бирок бул чынында адилеттүү нерсе. Себеби жыйынтыгында сен адамдар менен иштейсиң. Мен окуп жүргөндө кыйналган жокмун. Окууну жакшы окудум. Ошондон уламбы иштегенде деле кыйынчылыктар болгон жок. Бирок чындап келсе бардык нерсени иштеп баштаган учурда акырындан үйрөнөт экенсиң. Алгач интернатураны №2 мамлекеттик бейтапканадан өтөдүм. Андан соң жеке бейтапканаларда иштедим. Чындыгында мамлекеттик бейтапканаларда иштегенде тажрыйба топтоо кыйыныраак. Ошондон улам мамлекеттик бейтапканаларда иштеген тиш доктурдун иши дайыма эле сапаттуу боло бербейт. Ошол себептүү мен мамлекеттик мекемелерде иштебейм деп чечкем.

- Биринчи кезекте тиш доктур кандай болуусу шарт?

- Тиш доктур биринчи кезекте психолог болуусу абзел. Дарылоо учурунда адамдар менен тил табышуу эң чоң мааниге ээ. Бейтап менен бетме-бет иштешесиң, ошондуктан алгач анын көңүлүн алып, ыңгайын табыш керек. Мен шаардык ооруканада иштеп жүргөндө бир күндө 10-15 адамды көрчүмун, кайрылгандардын бардыгы оорудан жапа чегип келишет. Тиши ооруп келген адамдар тиш доктурга жакшы маанай менен келбейт. Ачуулу болушат, жинденишет, тез эле оорудан сакайгысы келишет. Мындан улам тиш доктурдун башкы максаты – бейтаптын көңүлүн жайгаруу болуп саналат. Негедир бейтаптар өзгөчө жаш доктурлардан коркушат, жаш болсо эле эч нерсе билбейт деп ойлошот. Бирок чынында андай эмес. Бардык доктур 50% психолог болушат. Сага көрүнгөнү ар күнү 5-10 адам келет, анан акырындык менен ким менен кандай сүйлөшүш керек экендигин билип баштайсың. Кимдир бирөөлөргө жумшак мамиле кылыш керек, башкаларга бираз катуураак дегендей, айтор адамдардын өзүнө жараша мамиле кылышың керек болот.

- Бейтаптын эмнесине көңүл бурасыз?

- Менимче бейтаптын маанайы доктурдун маанайына көз каранды болот: эгер доктур жакшы маанайда болсо бейтап да андан ыраазы болуп кетет. Көпчүлүк учурда бейтап кезек күткөндөн улам чарчап ачууланып кетет. Кезек күтүү учурунда тиш доктур жөнүндө ар кандай кептерди угушат, анан доктурдан сөзсүз түрдө коркуп келишет. Бул учурда бейтапты дээрлик жоошутууга мүмкүн эмес. Дагы бир жагдай бейтаптын маанайына оорукананын атмоферасы да таасир берет. Профессионалдык клиникалардын бир сыры бар, алар бейтап менен сүйлөшпөй туруп эч качан дарылоону башташпайт. Алгач бейтапка сөзсүз түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Башкысы бейтап доктурга көнүп, андан коркпогудай болушу абзел. Баарын жайгарып алган соң гана дарылоону баштоо кажет.

- Мыкты тиш доктур кандай болушу керек?

- Биринчи орунда тиш доктур көп нерсеге эпчил болушу керек, себеби тиш доктурдун иши анын колдор менен тыгыз байланышта. Экинчиден көп нерсеге көңүл коюп маани бериши керек жана ийилчээк болуусу кажет.Бир нерсеге көңүл коюу кардар менен сүйлөшүүдө чоң мааниге ээ, ал эми ийилчээктик ар кандай кырдаалды жөнгө салууга чоң жардам берет. Бирок баары натыйжалуу болот дегенге эч кандай кепилдик жок. Эгерде жагдай врач ойлогондой чыкпай калса, ачууланбашы кажет, тескерисинче өзүн колго алып жагдайды оң жагына чечүүсү керек. Дал ушул нерсе ийилчээктик болуп эсептелет. Бирок тиш доктур мунун баарын өзү аткара албайт, анын аркасында кандай кырдаал болбосун жардамга келген, аны колдоп турган ынтымактуу команда болушу абзел.

- Иш учурунда болгон кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?

- Мен шаардык клиникада иштеп жүргөндө, ар кандай кызыктуу жагдайлар көп болду. Эң күлкүлүүсу чоң апалардын тиштерин алмаштырып алганыбыз эле. Бир жолу менин жанымда чогуу иштешкен кесиптешиме бейтаптын протезин алып келүүсүн өтүндүм, ал жаңылып башканы алып келген экен. Анан эле аны бейтаптын оозуна жайгаштырып жатсам эле такыр дал келбейт 3-4 жолу аракет кылдым,такыр болбойт акыры башка бирөөнүн протезин тагып жатканыма көзүм жетти. Ал жерде ушуга окшогон окуялар көп эле болду.

- Жалпы жонунан тиш оорунун кандай түрлөрү кездешет?

- Тиш ооруларынын эң кеңири таралгандарынын бири кариес болуп эсептелет. Адамдардын 95 пайызында кездешет. Кариес тиштерде кара түстөгөгү тактардын жана көңдөй тешиктердин пайда болуусу болуп саналат. Кариес өтүшүп кеткенде таттуудан жана муздактан тиш катуу ооруп, кайрадан бир паска басылып калат. Кариес жаңы башталып келе жатса бормашинасыз (тиш доктору колдонуучу тиш өзөгүн бургулоочу машина) эле дарылоого мүмкүн. Тиштерде кара тактар жаңыдан пайда болуп келе жатканда, аны тишти чукуп, тазалап, пломба койбостон дарылоого болот. Бирок бул нерсе тиш доктурга тез тез келип турганда гана ишке ашуучу процесс болуп эсептелет. Ал эми башка жагдайларда тишти дарылоо бормашинаны жардамы менен жүргүзүлөт. Анын жардамы менен жугуштуу ткандар тазаланып, анын ордуна пломба коюлат.

Пульпит-пульпанын сезгениши-тиш тканынын көндөйүнүн сезгениши десек болот. Пульпит кариести убагында тазалоободон улам келип чыгат. Пульпит тиштин көңдөйүнө кирип кеткен микроорганизмдерден улам пайда болот. Пульпит курч (какшаткан) жана өнөкөт болуп экиге бөлүнөт. Курч пульпитте чыдоого мүмкүн эмес. Кечкисин жана түнкүсүн оору күчөп баштайт. Ысык жана муздакты сезет оору көпкө чейин кетпейт. Өнөкөт пульпиттин эч кандай белгилери байкалбайт, ооруп басылып, өтүп кетет аны рентген аркылуу аныктоого болот.

Пульпитти көпчүлүк учурда пульпаны тазалоо жана тамыр каналдарын пломбалоо мене ишке ашат. Ал эми тазаланган тишке коронка же болбосо керамика коюуга болот.

Пародонтит тиш эттеринин катуу жабыркашы. Тиш оорусунун бул түрү тиш эттеринин байланышын жана тиштин уясын жабыркатат, натыйжада тиштердин түшүүсүнө алып келет. Статистика боюнча адамдар тиштерин кариеске караганда пародонтиттен улам көп жулдурушат.

Оорунун башкы себеби-тиштеги таштардын пайда болуусу жана ооздун таза эмес гигиенасы болуп эсептелет. Анын белгилери ооздун жагымсыз жыттанышы, тиш эттерининин ириңдеши, тиштердин бошой башташы менен коштолот. Пародонтит, өнөкөт тиш оорусуна кирет да мунун алдын албаса тиштерди жулдурууга туура келет. Ал эми муну дарылоо пародонтологдун ооз көңдөйүн пародонтологиялык тазалоосу менен гана ишке ашат.

Эгерде пародонтит болсо ал күнү-түнү тынчтык бербейт. Биз ошон үчүн оорулуулардан тишинин кайсы убакта ооруп баштарын сурайбыз. Ысыкта, суукта, күнү же түнү сыркоолоп баштаганына карап диагнозду коюп алса болот.


- Тиштин саламаттыгы эмнеден көз каранды?

- Тиштин саламаттыгы көптөгөн ар кандай факторлордон көз каранды. Кариес оорусун тамактануу менен байланыштырышат. Мындан сырткары тиш өңөрүнүн, тиштеги микроорганизмдердин пайда болуусу, тамакта шекердин ашыкча болуусу, тамак-ашта жана сууда фтордун жетишсиздиги менен да байланыштуу. Тиштин бекем жана таза болушу үчүн туура тамактануу кажет, ооруну алдын алууда тиш пасталары чоң мааниге ээ, ал тиш тканынын бекемдигин сактайт жана тиш өңөрүнүн пайда болуусунан коргойт. Тишти дыкаттык менен күнүнө 2 жолу жуу керек. Сөзсүз түрдө фильтрленген суудан ичүү абзел!

Тиштериңиздин акактай таза жана бекем болуусун кааласаңыз төмөнкү эрежелерди эстен чыгарбаңыз:

Таттуулардын ордуна көп-көп мөмө-жемиш, жаңгак жана айыл-чарба азыктарын колдонуңуз. Катуу жашылчаларды шашпай чайнаңыз, мисалы сабиз жана сельдерей. Шекери көп суусундуктардын ордуна шекерсиз суусундуктарды, табигый ширелерди, майсыздандырылган сүт азыктарын көбүрөөк ичүүнү сунуштайм.Тиштин катуу ткандарын бекемдөөчү кальцийи көп сүт, сыр, жашылчаларды колдонуу кажет. Тиштин эмалын бекемдөөчү фторлуу тиш пасталарын колдонуу абзел.Тишти күнүнө эки жолу жууп, тишти жуу эрежелин туура сактап, жок дегенде бир күндө бир жолу атайы тиш тазалоочу жиптерди жана тиш чукукучтарды колдонуңуз. Тамактан соң сөзсүз түрдө тишти жылуу суу же болбосо тиш эликсири менен чайкаңыз. Тиш доктурга жылына 2 жолу кайрылып туруңуз, тиштин саламаттыгына дыкаат көңүл бөлүңүз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү