Эл өкүлү Жанар Акаев 33 жашка чыкты

Эл өкүлү  Жанар Акаев 33 жашка чыкты
13-Дек. 2019, Жума, 18:00

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 33 жашка чыкты. Элдин өкүлү болуп парламентке келгенден кийин ар дайым коомчулуктун элегинде болосуң. Баскан-турганың баары көзөмөлдө. Жанар Акаевди жакындан таанып билгендер анын жөнөкөйлүк, кичи пейилдик сапаттарын баалап келишсе, карапайым калк анын өжөрлүк, тайманбастык сапаттарын баалайт. “Калк айтса, калп айтпайт” деген сөз бар эмеспи кыргызда. Бүгүн эл өкүлүнө арналган куттуктоолорду назарыңыздарга сунуштайбыз.

Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Жанар Акаевдин парламентте орду чоң”

“Жанар инимди бүгүнкү туулган күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Жаштар Жанардын туура айткан сөзүн, принцибин, кабыл алып жаткан чечимдерин ар дайым байкап турат. Көп жаштар Жанардай болоюн деп аны кумир туткандар да бар. Негизинен эле парламенттин ичинде Жанардын орду чоң. Ал жаштардын гана укугун коргобостон, ар дайым акыйкаттыкты, чындыкты көздөп келет. Мен Жанарды ар дайым ушул жолунан тайбай, бир гана элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргошун каалайт элем”.

Гүлжамал Калчабаева, Жанар Акаевдин мектептеги мугалими: "Жанар менин да кемчилигимди бетиме айтып коет эле”

"6-классынан баштап класс жетекчиси болдум. Бардык сабактарга активдүү катышчу. Эң эсимде калганы: ал мектебинде класском жана президент дагы эле. Экөөбүз Гүлчө айылына экология боюнча конкурска барганбыз. Башка мектептегилер көп көргөзмө куралдарды алып барыптыр. Биздин колубузда көргөзмө курал бар эле. Биринчиси, планетаны балталап, танка менен атып, талкалап, жаратылышты жабыркатып жаткандыгы жөнүндө бир плакат. Экинчиси, заводдон чыккан түтүндү жүз аарчы менен байлап , бантик жасап койгон сүрөт эле. Ушул эки эле көрсөтмө куралды алып барып, район боюнча экинчи орунду алганбыз. Мен мектепке жазуучулар Сооронбай Жусуев менен Маркабай Ааматовдун эки китебин алып келдим. Жанар жүгүрүп келип, “Эжеке, сиз Сооронбай Жусуев менен Маркабай Ааматовдун өзүнө жолугуп алдыңызбы?” – деп ушунчалык китепке маани берген. Ал ошол кезде 6-7-класстагы кези эле. Башка окуучулар китепти кармалап эле өтүп кетишкен. Анын жароокерлиги, кичи пейилдиги окуучу кезинде эле бар эле. Мен кемчилигимди да бетиме айтып коет эле (күлүп). Мектепте окуп жүргөндө эле таланттуу болчу. Жанардын атасы жамакчы болгон, апасы да жамакчы. Өмүрүн берсин, эл керегине жараган бала болду".

Орозбек Муратов, Жанар Акаевдин досу: "Жанарбек маселени тереңинен карап, адилеттүү ойду айткан эл өкүлүнө айланып отурат"

"Жанардын кулк-мүнөзү токтоо. Тоо койнунда чоңойгонунанбы, айтор айбаттуулугу менен адамдар арасында айырмаланып турат. Атасынан калган сын көз караш калыптанып, маселени тереңинен карап, адилеттүү ойду айткан эл өкүлүнө айланып отурат. Чыныгы кыргыздын сапаты болгон айкөлдүк, көк жалдыгы бар. Жанарбек жөнүндө көп жазсам да түгөнбөйт. Жараткан сага жакшылыгын аябасын, берээрин унутпасын”.

Сайпидинов Турсунбек, Жанар Акаевдин классташы: “Жанар деп айтканга эми көнүп келатабыз”

“Жанар окуп жүргөндө эле активдүү болчу. Ошол кезде классом, кийин тмектептин президенти болду. Экөөбүз “В” класста окучубуз. “В” классты бөлүп жибергенде кайра эле экөөбүз “Б" класста чогуу окуп калдык. Ошол кезде биринччи партада Жанар отурчу, экинчи партада мен отурчумун. Тааныштарыма тамашалап айтып калам: “Мен да Жанар менен биринчи партада отуруп калсам, балким, депутат болуп калмак белем”, – деп. Кичинекей кезибизде кандай болсок, азыр деле ошондойбуз. Аябай шайыр жигит. Депутат болуп кеттим деп өзгөргөн жок. Азыркыга чейин аны “Жанке” деп айтып жүрүп, Жанар деп айтканга эми көнүп келатабыз. Жанар досум, өздүк майрамың кут болсун! Ар дайым жаштарга үлгү болуп, кыргыздын алдыңкы жигиттеринен болуп жүрө бер. Жалпы классташтырдын атынан да куттуктайм!”

Бактыгүл Иманкулова, Бишкек шаарынын тургуну: "Жанар Акаевдин эмки жылы да депутат болуп келишин каалайм”

“Мага депутат Жанар Акаевдин бетке айткандыгы, чынчыл мүнөзү жагат. Башында журналист болуп иштеп жүргөндө эле жактырчумун. Ага узун өмүр, бекем ден соолук каалайм. Жанардын эми жылы да депутат болуп келишин тилейм. Анткени, ал бардык маселени ортого салып айтат. Үй-бүлөсү менен бактылуу болсун!”


Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 1986-жылы тоолуу Алай районундагы Кабылан-Көл айылында жарык дүйнөгө келген. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин “журналистика” факультетин аяктаган. 2008-2014-жылдары “Эркин Европа/Азаттык” радисунда журналист, алып баруучу болуп эмгектенген. 2015-жылы президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген соң шайлоого аттанып, парламентке депутат болуп келген. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт