Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол айылдарында 3 балл, Үч-Коргон жана Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 балл, Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин байкалган.

Бактыга жараша жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.