Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекети реконструкция иштерине ылайык 20-февралдан тарта жаңы тартипте иш алып барууда. Бул боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалымат боюнча, кечээ күндөн баштап "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекети транспорттун бардык түрү үчүн убактылуу токтотулду. Ал эми жөө адамдар саат 6:00дөн 24:00гө чейинки аралыкта өтө алышат. Транспорттор болсо "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Токмок" жана "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү бекеттерине жөнөтүлөт.

Ал эми оңдоо иштерин жыл аягына дейре бүткөрүү пландалып жатат. Эгер пландар өзгөрүп кете турган болсо Чек ара кызматы жарандарга маалымат берээри айтылды.