Президент Бердымухамедовго жылкы белек кылды

26-Июль 2017, Шаршемби

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго аргымак белек кылды. Бул тууралуу Түркмөнстандын басылмалары кабарлады.

Маалыматка карганда, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов туулган күнүнө асыл тукум жылкы белек кылганы үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирген.

Эки президент телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Түркмөнстандын башчысы мындай белек кылгандыгы үчүн Атамбаевге ыраазычылык билдирип, бул сый жана достуктун белгиси катары баалаган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн президенттери Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү тууралуу талкуулашкан. Мамлекеттер ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар жаңы бийиктикке чыкканын белгилеген. .

Ошондой эле Түрмөнстандын президенти Кыргыз мамлекетинин башчысын 17-27-сентябрда Ашхабадда өтө турган V Азия оюндарынын спорттук мелдештердин ачылыш аземине катышууга чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!