​Кыргызстанда 916 адам СПИД менен ооруйт

​Кыргызстанда 916 адам СПИД менен ооруйт
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:54

1-ноябрга карата Кыргызстанда 916 адам СПИД менен ооруй турганы аныкталды. Бул тууралуу «СПИД» республикалык борбору билдирди.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери 603 кишиден ВИЧ илдети аныкталды. Анын 359у эркек, 244ү аял. Алардын эң көбү Чүй облусунда (231), Бишкекте (108) жана Жалал-Абадда (106) жашайт. Ош областында (84), Ал эми эң азы Нарын (26), Баткенде (21) жана Таласта (12). ВИЧ жуктургандар 20-39 курактагылар.

Кыргызстанда ВИЧ илдети 46 лабораторияда аныкталат. Кийинки кездерде ВИЧти жугузуунун жолдору өзгөрдү. 2010-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жыныстык катнашта жуктургандардын саны 33 пайыздан 56,2 пайызга өстү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!