​Памирлик кыргыздардын экинчи тобу келди

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 09:43

Нарынга Кичи жана Улуу Памирлик кыргыздардын экинчи тобу келди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-ноябрда Нарын шаарына 11 адамдан турган памирлик кыргыздардын экинчи тобу келди. Алар Кыргызстанга буга чейин Памирден алып келинген жакындарынан кабар алуу үчүн келишкен. Алар Нарын облустук ооруканасынан медициналык кароодон өткөрүлөт. Андан кийин Нарын районундагы Куланак айылында жайгашкан №86 кесиптик лицейге жайгаштырылат. 18 жашка чейинки балдар интернаттан билим алышат.

Эске салсак, Памирде жашаган 33 кыргыз ушул жылдын октябрь айында Кыргызстанга көчүрүлүп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!